Чолпон-Ата шаарына кезектеги жыйынга чогулган беш мамлекеттин өкмөт башчылары уюмдун келечегине байланышкан маселелерди ийри отуруп, түз кеңешишти. Жыл сайын өтүүчү өкмөт башчылардын жыйыны быйыл Украинадагы аскердик операция, Орусияга кабат-кабат санкциялар салынып, кымбатчылык тооруп турган мезгилге туш келди. 2010-жылы түзүлгөн жана экономикалык интеграцияны көздөгөн Евразия Экономикалык Биримдигине бүгүнкү күнгө чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин беш мүчөсү кирген. Андан бери уюмга кирген ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жана улуттук рыногун коргоого аракет кылып келет. Чынында эле, биримдикке кирген мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктары менен интеграциялык процесстердин ортосунда туура баланс түзүлүшү керек.