Жаңылыктар
Казакстандагы жол кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар
Кыргызстан жаңылыктары
 Казакстандагы жол кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар

Казакстандагы жол кырсыктан жабыркагандардын арасында 4 кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 27-августта саат 06:40та Батыш Кытай - Батыш Европа унаа жолунун 601-чакырымында Шапак-Баба айылына кире бериште автобустун айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, арыкка түшүп кеткен. 

Жабыркагандар Түлкүбас районунун Рыскулов айылынын борбордук райондук ооруканасына жаткырылган. Жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул окуя Казакстандын кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренеси менен каттоого алынып, иликтенүүдө.