Жаңылыктар
УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. 

Ошондой эле атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курамы жана УКМК ардагерлери, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков болду. Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, машыгуучу зал жана башка тийиштуу кызматтык жабдыктар менен толугу менен камсыздалган. Камчыбек Ташиев жаңы имаратты кыдырып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертти. Буга чейин атайын кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмү райондук соттун имаратында иштеп келген.