Мектеп директорлугуна сынакта Чүй облусунда 61 педагог жогорку упайга ээ болду. Нарын облусунда директор болом деген - 21 талапкер, Таласта - 18, Жалал-Абад облусунда - 46, Баткен аймагында - 49, Ош облусунда - 73 катышуучу өттү. Ал эми Бишкек шаарында мектеп директорлугуна сынак 30-августта өтөт. Баш калаада 62 бош орун бар. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктайт. Мыйзамга ылайык
мектеп директорлорун конкурстук негизде дайындап, беш жыл сайын аттестациядан өткөрүп турат.