Жаңылыктар
Пара менен полковник кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Пара менен полковник кармалды

Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 1-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен колго түштү. Шектүү "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен айыпталууда. 

Ал жарандардан түшкөн арыздарды кароодо коррупциялык схемаларды уюштуруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.