Жаңылыктар
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады

Чолпон-Атада Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Акылбек Жапаров жыйында көтөрүлгөн бардык маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, келишимдер интеграциянын бардык катышуучуларына жемиштүү жыйынтык алып келет деген ишенимин билдирди. 

25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда интеграциялык биримдиктин алкагында бир катар актуалдуу маселелер каралды. Жалпысынан күн тартибинде 9 маселе болгон, анын жетөө тар курамда, ал эми экөө кеңейтилген курамда каралды. Кол коюлган документтердин толук тизмеги кийинчерээк жарыяланат. Кезектеги отурум 20-21-октябрда Арменияда өтөт.