Эгемендиктин 31 жылдыгы жана Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтүп, алгачкылары 25-августта башталат. Негизги салтанат Аламүдүн районунун Чуңкурчак жайлоосунда белгиленет.
Андан сырткары Бишкек Ош шаарларында жана бардык облустардын борборлорунда көз карандысыздыктын 31 жылдыгы жогорку деңгээлде өтмөкчү.