Жаңылыктар
Эгемендик күнүнө карата Бишкекте жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендик күнүнө карата Бишкекте жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтындагы жашыл аймактарды көркүнө келтирип баштады. 

“Эмен” сейил багындагы, “Эркиндик” бульвары, “Улуттар достугу” кичи сейил багындагы жана борбордун көчөлөрүндөгү чөптөр чабылып жана отоо иштери жүргүзүлдү. 

Ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы гүлзарлар, Пушкин көчөсүндөгү жана “Эмен” сейил багы менен анын айланасындагы гүлзарлар отолуп шаар тургундарынын эс алуусуна даяр.

Мындан тышкары, жашылдандыруучулар Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине тамыры жабык бадалдардын жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузду.