2022-2023-окуу жылында Кыргызстандагы бардык мектептер беш күндүк окууга өтүшү керек. Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алган.
Гимназия жана лицейлерде тандоо предметтери болгондуктан алар сабактан кийин же окуу жүктөмү 30 сааттан ашса жуманын алтынчы күнү өтүлсө болот.
Быйыл Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда бүтөт.