Бишкекте Москва көчөсүн бойлой жайгашкан борбор калаадагы компьютердик клубдардын бирин демонтаждоо иштери башталды.
Муниципалитеттен белгиленгендей, компьютердик клуб уруксатсыз тургузулган. Бузуу иштери Биринчи май райондук сотунун негизинде жүргүзүлүүдө.
Мындай иш аракеттер Бишкек шаарынын муниципалдык аймагын пайдаланууга уруксат берилбеген курулуштарды бузуу менен тоскоолдуктарды жоюу максатында аткарылууда.