Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү айрым жолдор убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү айрым жолдор убактылуу жабылат

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы Ысык-Көлдөгү айрым жолдор убактылуу жабыларын эскертет.

Бул 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Жаштар форумуна байланыштуу. 

"Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин жана Чолпон-Ата — Кырчын маршруту боюнча делегация келген учурда жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Жол жээгине токтотулган унаалар алынат", — деп айтылат маалыматта.