Ош шаарынын аэропортуна Россиядагы жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгү салынган учак келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү уюштуруу иштерин жана башка маселелерди чечүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги жеринде иш алып барууда.
Каза болгондордун туугандарына Президент Садыр Жапаровдун атынан материалдык жардам көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Жарлыгы менен 23-август Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.