5700 сом пара алып жаткан жериенен Жалал-Абад шаарындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборунун кызматкери кармалды.
Шектүү улуттук паспортторду мыйзамсыз берүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыпталууда.
Ал жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча алуу үчүн коррупциялык схема түзүп алган.
Ортомчулардын жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргызстандан алып чыгууга ата-энесинин биринин атынан жасалма ишеним каттарды даярдашкан. Тергөө уланууда.