Жаңылыктар
Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешке багышталып куран окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешке багышталып куран окулат

23-августта өлкөдөгү мечиттерде Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгында каза болгон 14 мекендешке багышталып куран окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. 

Муфтий Замир кары Ракиев 13:30да Бишкектеги эски борбордук мечитте дин кызматкерлери тарабынан окулган хатм куранды маркумдарга багыштап дуба кылат. Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та каза болгон жарандардын сөөгү атайын борт менен Кыргызстанга жеткирилет.