Жаңылыктар
Мекендештердин сөөгү кичи мекенине жеткирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Мекендештердин сөөгү кичи мекенине жеткирилет

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан 14 мекендештин сөөгүн алып келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан учуп кетти. 

Куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот. Мекендештердин сөөгүн алып, кайра Кыргызстанга учуп чыгат. Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгү Ош шаарынын аэропортуна алынып келет. Мекендештердин сөөгүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.