Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
"Урматтуу мекендештер!
Россиянын Ульяновск облусунда кыргызстандык бир боорлорубуздун жол кырсыгынан улам каза болгондугу тууралуу кабар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат.
Бул кырсык алардын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.
Андыктан, Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдардын жакындарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшүп, кайрат, сабыр тилейм!
Жараткан бейишинен жай берип, арты кайрылуу болсун! Ал эми ооруканада жаткандар тез арада сакайсын".