Кыргызстанда 23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тиешелуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. 21-августа Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынан Кыргызстандын 14 жараны каза болгон.
Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлот.
Маданият мекемелери, телерадиокомпаниялар улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.