Жаңылыктар
Ысык-Көлдө “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи Улуттук форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи Улуттук форуму өттү

Ысык-Көлдө “доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи Улуттук форуму өз ишин жыйынтыктады. Анын соңунда айымдар тарабынан демилгеленген сунуш-пикирлер эске алынып, коомду түйшөлтүп жаткан бир топ маселелерди чечүү жолдору белгиленди. Максат коомдогу айымдардын ордун күчтөндүрүү, социалдык маселелер менен бирге зордук-зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөрдү жоюуда биргелешкен аракет. Экинчи Улуттук форумдун ишине коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, өлкөнүн ар кайсы тармактарында эмгектенген жүздөн ашык айымдар катышты.