Чолпон-Ата шаарында “Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги” экинчи улуттук форуму өтүүдө.
Форум аялдардын коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанилүүлүгү, аялдардын лидерлигинин факторлорун кайра карап чыгуу жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн биргелешкен стратегиясын түзүү боюнча диалогдук аянтча катары иш алып барат.
Катышуучулар аялдардын лидерлигин жана көп түрдүүлүгүн илгерилетүү, жаңы чакырыктарга, аймактагы туруксуздукка жана реформалардын контекстинде өлкөнүн өнүгүүсүнө аялдардын кошкон олуттуу салымын таануу маселелери талкууланууда.
Жыйынтыгында аялдардын лидерлигин илгерилетүү, зордук-зомбулукту токтотуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, айлана-чөйрөгө жана тынчтыкка кошкон салымын жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгат.