Жаңылыктар
Майыптыгы бар балдардын кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Майыптыгы бар балдардын кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

123 баладан турган топ Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна жайкы эс алууга жөнөтүлдү. 

Бул жолу өкмөттүк эмес уюмдардын тизмелеринде турган майыптыгы бар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жайкы эс алуу уюштурулду. 22-августта ден соолукту чыңдоо борборуна дагы 28 бала жөнөтүлөт. Жай мезгилинде Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынан 448 бала эс алууга жиберилди.