Жаңылыктар
Январдан июнь айына чейин Кыргызстандын банктарынын кирешеси 8 миллиард сом болду
Кыргызстан жаңылыктары
Январдан июнь айына чейин Кыргызстандын банктарынын кирешеси 8 миллиард сом болду

Январдан июнь айына чейин Кыргызстандын банктарынын кирешеси 8 миллиард сом болду. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында жазылган. Былтыр 20 банктын пайдасы 4 миллиард 89 миллион сом болгон. 

Үч банк 69 миллион сом өлчөмүндө зыян тарткан. Өлкөдө 23 банк бар. Алардын бардыгы биринчи жарым жылдыкты чыгымы жок жапкан. Дагы беш банктын лицензиясы кайтарып алынып, учурда жоюлганы турат. Алардын бири жарым миллион сом чыгым тартса, үчөө 159 миллион сом пайда көргөн.