Кыргызстандын курама командасы кезектеги танк биатлонуна катышты. Анда Кыргызстан, Россия, Беларусь жана Кытайдын командаларынын үчүнчү экипаждары күч сынашкан.
Алдын ала жыйынтык боюнча Россия — 20:44, Беларусь — 21:26, Кытай — 23:09, Кыргызстан — 38:42 секундда мараага келген. Кыргызстандын курама командасы биринчи дивизионго алгачкы жолу катышып жатат. Бул топко биздин аскерлер былтыркы жылдагы көрсөткүчүнөн кийин өтүшкөн. Биринчи дивизиондо Азербайжан, Беларусь, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия жана Өзбекстан бар. Ал эми Абхазия, Армения, Иран, Зимбабве, Лаос, Мали, Мьянма, Сирия, Судан, Тажикстан жана Түштүк Осетия экинчиде.
Танк биатлону — Армия оюндарынын бир бөлүгү.