Жаңылыктар
Россияда жол кырсыгынан каза болгондорго куран окулат
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда жол кырсыгынан каза болгондорго куран окулат

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өлкөдөгү дин кызматкерлерине Куранды толук окууну тапшырганын муфтияттан билдиришти. Курандын сообу маркумдарга Россияда жол кырсыгынан каза болгондорго багышталат. 

«Жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык мекендештерибиздин туугандарына жана жакындарына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жалпы мусулмандардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билемин. Алла Таалам маркумдарыбызды өз ырайымына алып, ага-тууган, жакындарына сабыр берсин", - деди муфтий.