Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын XVII жолугушуусуна катышты.
Иманкулов ШКУ аймагында коопсуздуктун абалы Афганистандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу экенин айтып, афган маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын негизги приоритети экономиканы жандандыруу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү болушу керектигин белгиледи. Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы чакырык, коркунучтар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кооптуу көрүнүштөрдү жок кылууга комплекстүү мамилени талап кылып жатканын кошумчалады. Иш-чара Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.