Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү.
Жыйында "Медициналык буюмдарды колдонуу, сапатын башкаруу системасын ишке ашырууга, тейлөөгө жана баалоого карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде транспорттук каражаттардын уруксаат берилген массасы, октук жүгү жана габариттери жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Макулдашуу жүк ташуу шарттарын шайкеш келтирип, учурдагы чектөөлөрдү жокко чыгарат. Жалпысынан кеңештин жыйынында 28 маселе каралды. Кезектеги жыйын сентябрь айында Москва шаарында өтөт.