Президент Садыр Жапаров министрлик жана ведомстволордун санарипке өтүү темпи жай жүрүп жаткандыгына нааразы. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда министрлерге эскертүү берди.
"Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, "Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң" деген милдеттенме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып кете берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз", - деп жазган Садыр Жапаров.