"Кепилдик фонду" ишканасы кыргызстандыктарга мамлекеттик ипотека боюнча баштапкы төлөмгө жардам берет. Ведомство президент Садыр Жапаров "Кепилдик фонду жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алганын белгиледи.
Эми ипотекага үй алууну каалагандардын каражаты жок болсо, фонддон кепилдик алса болот. Банктар муну менен ипотекалык насыя бере берет. Турак жай алууда 10дон 30 пайызга чейинки бөлүгү баштапкы төлөм катары талап кылынат. Ошондой эле "кепилдик портфели" деген жаңы продукт киргизилди. Мыйзам 27-августта күчүнө кирет.