Жаңылыктар
Мектеп директорлугуна сынак уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп директорлугуна сынак уланууда

Чүй облусунда мектеп директору болууну каалаган 182 талапкердин ичинен 69у жогорку балл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Алар 17-август күнү Бишкектеги Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде компьютердик тестирлөөдөн өткөн. Ал эми Талас облусунда мектеп директору болууга ат салышкандардын арасынан 24 талапкердин көрсөткүчү босого баллдан ашты. Облус боюнча сынакка катышуу үчүн 113 талапкер документ жөнөткөн. Алардын 37си документтерин толук тапшырбагандыктан тестирлөөгө катыша алган жок. Сынакты Билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо боюнча улуттук борбор өткөрүүдө.