Мамлекеттик мекемелердин жетекчилери социалдык тармактар аркылуу элге маалымат берүү өнөктүгүн баштады. Бул президенттин тапшырмасы менен аткарылууда. Мындан ары мекеме жетекчилери апта сайын социалдык тармактардын колдонуучулары менен түз байланышта болуп, суроолорго жооп берип турушат.