18-августта УКМК ок атуучу куралдарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактаган жана колдонгон «Үмүт жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун тең ээсин колго түшүрдү.
Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана “Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" атайын техникасы, ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч заттар, ар кандай куралдар табылган.
Шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди.