Жаңылыктар
Жамалбек Түлөбердиев акыркы сапарына узатылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жамалбек Түлөбердиев акыркы сапарына узатылды

Бишкекте Кыргыз мамлекетинин энергетика тармагынын түптөлүшүнө опол тоодой салымын кошуп, ушул тармактын түптөөчүлөрүнүн бири болгон инсан Жамалбек Түлөбердиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 

Түлөбердиевдин кол алдында Кыргызстандын энергетикалык тармагы башат алып, ири ГЭСтер, жылуулук борборлору, аба электр чубалгылары, көмөк чордондор, жылуулук тармактары курулган. 

Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтери долбоордук кубаттуулуктарына жеткирилген, Бишкек шаарынын ЖЭБинде жаңы кубаттуулуктар киргизилген, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу боюнча даярдык жумуштары башталган. 

Жамалбек Түлөбердиев Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, Эмгек Кызыл Туу орденинин эки жолку ээси, “Элдер достугу” ордени жана бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. СССРдин жана Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, “Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген энергетиги” жана “СССРдин Ардактуу энергетиги” наамдары ыйгарылган. Ардактуу инсан Жамалбек Түлөбердиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.