Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС ишке кирди. Кубаттуулугу 10 мегаватт, сметалык баасы 7 млн долларды түзөт.
ГЭСтин курулушун 2021-жылы жеке ишкер колго алган. ГЭСти 5 каскад менен куруу пландаштырылып, учурда 1-каскадда 100% жумушу аткарылды. 2 бассейн, 700 метр канал, 5 чакырым электр чубалгылары тартылган. Биринчи каскаддын курулушуна 800 миң доллар жумшалган.
Газ, Кыштут, Чарбак, Согмент жана Таян айылдарын электр энергиясы менен камсыздалуусу күтүлүүдө.