Президенттин "Этил спиртин өндүрүүгө, сактоого жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, токтоп турган завод ишке киргизилди.
Акыркы жолу 2015-жылы этил спирти өндүрүлсө, 7 жылдан бери «Люкс» классындагы спирт чыккан эмес. Бүгүнкү күндө 5800 декалитр "Люкс" классындагы спирт даярдалды. Заводдун үзгүлтүксүз иштеши үчүн 878 миң 640 тонна буудай алынган.
Ушу тапта Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен 5 миң тонна буудайды карызга алуу келишими түзүлдү. Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2 миң 800 декалитрди түзөт.