18-августта Ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды.
Кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтери, ошондой эле байкоочу мамлекеттер жана эл аралык уюмдар, Интерпол, БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы, КМШнын террорго каршы борборунун аймагында Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуулуктун башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүү ишин координациялоо боюнча бюронун делегациялары катышат.
Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү сыяктуу маселелер талкууланат.