Жаңылыктар
Бишкекте уз айымдар мыкты шырдакчы сынагында ат салышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте уз айымдар мыкты шырдакчы сынагында ат салышууда

Бишкекте уз айымдар арасында 2022-жылдын мыкты шырдакчысын аныктаган сынак өтүп жатат. 

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген салттуу кол өнөрчүлүктүн сүйүүчүлөрү катышууда. Сынактын негизги максаты - уз айымдарга шык берүү жана кыргыз шырдагынын көрктүүлүгүн арттыруу. 

Сынак быйыл биринчи жолу уюштурулуп, жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда. Коноктор үчүн терме, шырдак, чий токуу, жип ийрүү, улуттук тамак-аш боюнча мастер-класстар, этно оюндар каралган.