17-августта Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө аскер каза болгонун Акыйкатчы институту билдирди.
Аскер бөлүгүнүн кызматкелеринин айтымында, жоокер 05:00 чамасында жыгылып ошол боюнча турган эмес. Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө каза болгон жоокердин денесинде зомбулуктун белгилери байкалган жок.
Экспертизага жоокердин атасы да катышкан. Божомолго ылайык жоокер жүрөк оорудан каза болгон. Ички органдардын анализи бир айдын ичинде чыгат. Жоокердин кызматы аяктаганына бир ай калган болчу.