Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.
Анда негизинен Акылбек Жапаровдун Вашингтон шаарына болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Навид Хасан Накви Министрлер Кабинетинин башчысына алдыда өтүүчү Бишкек экономикалык форуму, Дүйнөлүк банктын операциялык иштер маселеси боюнча башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбургдун иш сапары тууралуу маалымат берди.
Учурда Дүйнөлүк банктын беш жылдык мөөнөткө Стратегиялык өнөктөштүктүн алкактык макулдашуусу даярдалууда. Ал кыргыз тарапка 2023-жылдын биринчи кварталында сунушталат.