Жаңылыктар
А. Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар
Кыргызстан жаңылыктары
А. Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу үч өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана экономикалык өнүгүүнү илгерилетүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон регионалдык долбоор. 

Учурда жолдун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталды. Транспорт-логистикалык тармактарды өнүктүрүү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганда талкууланды.

Маалым болгондой чек арадагы өткөрүү пунктарынын иши 1-августтан 31-октябрга чейин 2 саатка узарып, аба каттамдардын саны жумасына үч жолуга көбөйөт. 

Мындан сырткары «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында кытайдын дарыгер-офтальмологдору өлкөгө келип 550 операцияны акысыз жасайт.