Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, 16-августта Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунунун 24-чакырымында Ысык-көл облусунун 36 жаштагы тургуну Фольксваген-Пассат унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги даракты сүзгөн.
Кырсыктан жүргүнчү 76 жаштагы алган жараатынан улам ошол жерде, ал эми айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
Жети жүргүнчү 3 киши, 4 өспүрүм ар түрдүү жараат менен Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсык унааны катуу ылдамдыкта айдоодон улам болгон.
Аталган факт Ысык-Көл райондук ИИБге каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.