Балыкчы-Кочкор темир жолу курулуп жактан аймакта табылган байыркы скиф коргондорду казуу иштери уланып жатат.
Азыркы тапта адистер темир жолго кирип калган Боз-Бармак тоо кыркасынан көрүстөндүн дөбө болуп үйүлүп калган топурагынан 20га жакын кишинин сөөгүн тапты.
Археологдордун айтымында, дагы казыла элек беш коргон бар. Бирок бул аймактан андан да көп экспонат табылышы мүмкүн.