Бишкек шаарынын 42 көчөсүнүн жолдору толук оңдолуп бүттү. Учурда дагы он сегиз көчөдө жол салуу жумуштары жүрүп жатат.
Бул иштер "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун 2 фазасынын алкагында ишке ашырылууда.
Жолдор сапаттуу салынып, эки тарабындагы тротуарлар жана ирригациялык тутуму менен кошо реконструкцияланууда.