Ысык-Көл облусунун айланма автожолунун 104-184-чакырымдарын реконструкциялоо боюнча консультанттык компанияны тандоо иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Корумду айылынан Балбай айылына чейинки жолду реконструкциялоо боюнча өткөрүлгөн конкурсту PACE компаниясы утуп, ал менен келишимге кол коюлду. Долбоорго Араб координациялык тобу 93,9 млн доллар жана Министрлер Кабинети 12,1 млн доллар бөлөт. Долбоордун жалпы наркы 106 млн доллар. Насыялык макулдашууларды ратификациялоо боюнча бардык мамлекеттик ички процедуралар аяктады. Курулуш иштерине подрядчыны тандоо процедуралары жүрүп жатат. Иштер 2023-жылдын курулуш сезонунда башталып, 2026-жылы аяктайт.