Жаңылыктар
Кыргызстанда дизель дага кымбаттайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда дизель дага кымбаттайт

Нефтетрейдерлер бирикмеси Кыргызстанда дизель майынын баасын дагы жогорулатуу зарылчылыгын эскертти. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Мунайзат рыногунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлар боюнча негизги операторлору менен жолугушуу өткөн. 

Анда нарк, жеткирүүлөр, көйгөйлүү маселелер жана рынокто бааны турукташтыруу боюнча чаралар талкууланган. Нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан дизель экспорту кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Алардын айтымында, жыл башынан бери дизелдин бир тоннасынын баасы 600 долларга, ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 370 долларга өскөн.