Жаңылыктар
Бишкекте суу түтүктөрү алмаштырылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте суу түтүктөрү алмаштырылууда

“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы эски тышкы суу түтүктөрүн алмаштырууда. Можайский көчөсүн бойлой Манас көчөсүнөн Кызыл-Кыя көчөсүнө чейин жаңыланат. 

Жаңы тармактын узундугу 326 метр. Эскиси 1964-жылы тартылган. Сууну байланыштыруучу жабдуулар тез бузулгандыктан, авариялык бузулушун оңдоо кыйын болгон. Үйлөрдүн ээлери тосмолорун жер тилкелеринин чегинен чыгарып салгандыктан аны алмаштыруу чечими кабыл алынган. Жаңы сызык жолдун жүрүүчү бөлүгүн бойлой өтөт. Ошондой эле эки өрт гидранттары, 11 суу кудуктарын орнотуу пландалууда. Алмаштыруу учурунда муздак суу өчүрүлбөйт. Оңдоо иштери аяктагандан кийин дагы 26 абонент кошулат.