Өлкөнүн бир катар ооруканаларына жугуштуу оорулардын алдын алуу жана жайылуусуна бөгөт коюу максатында заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды. Анын жалпы наркы 15 млн сомду түзөт. Бул жардам «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо» долбоорунун алкагында берилүүдө.