Социалдык түйүндөрдө Россия Федерациясы тарабынан 3 айга миграциялык каттоого туруу менен 2022-жылдын 3-сентябрына чейин Кыргызстандын жарандарына чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат тарап жатат.
Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейт.
"ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, Кыргызстандын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.
Эгерде Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 3-сентябрга чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок. Министрлик мекендештерден Россиянын миграция мыйзамдарын так сактоону суранат.