Жаңылыктар
Оор өнөкөт дарты бар он кыргызстандык Түштүк Кореяда акысыз дарыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Оор өнөкөт дарты бар он кыргызстандык Түштүк Кореяда акысыз дарыланат

Оор өнөкөт дарты бар он кыргызстандык Түштүк Кореяда акысыз дарыланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

12-августта элчи Аида Исмаилова Кемёнг университетинин алдындагы Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Аталган борбордо кыргыз студенттери менен дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүп, Кыргызстанда биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 

Мунун ичине ЖОЖдун филиалын, медициналык борбор же медициналык мектеп ачуу планы кирет. Тараптар өнөкөт оор дарты бар Кыргызстандын 10 жаранын Кореяда акысыз дарылатуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашкан. 

Корей тараптын маалыматы боюнча, беш адамдан турган биринчи топ Кореяда 17-сентябрдан 30-сентябрга чейин жүрүшү мүмкүн. Ал эми экинчи топ 15-октябрдан 30-октябрга чейин барышы күтүлүүдө.