Жаңылыктар
Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү иштери аякталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда энергетика компанияларын бириктирүү иштери аякталды

Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. 

Реструктуризациялоо процесси энергетика ишканаларындагы өндүрүштүк жана башкаруу процесстерин автоматташтыруу, чыгымдарды оптимизациялоо жана бири-бирин кайталоочу кызматтарды кыскартууга багытталган. 

Реформага ылайык, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө. Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумашалат. Энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү. 

Буга чейин бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болуп бириктирилди.