Жаңылыктар
Баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздары кабыл алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздары кабыл алынууда

15-августтан тарта Бишкек шаарындагы райондук билим берүү бөлүмдөрү баласын мектепке онлайн каттай албай жаткан ата-энелердин арыздарын кабыл алууну баштады. 

Министрлик окуу жылы башталарына аз калгандыгына байланыштуу 1-класска каттоого жетишпей калган же каттоо учурунда көйгөй жаралган ата-энелерге көмөк көргөзүү үчүн атайын топ түздү. Комиссиялык топ ата-энелерден келген арыздарды карап, тиешелүү катталууга байланышкан маалымат менен камсыз кылат. Аталган топ аптасына 2 жолу билим берүү бөлүмүнө келип, калтырылган арыздарды жеринде карайт. 

Ата-энелер иш күндөрү тиешелүү райондук билим берүү бөлүмүнө арызын калтырса болот. Кабыл алуу эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин жүргүзүлөт.