Венгрияда беш күндөн бери өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү жыйынтыкталды. Анын расмий жабылышы Венгриядагы улуу гунн жана түрк тилдүү элдердин курултайынын алкагында өттү.
Иш-чарага атайын чакырылган коноктор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана мекендештер катышты.
Маданият күндөрүнүн алкагында эки элдин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле, кыргыздын көөнөрбөс бай, маданий мурасын чагылдырган концерттик программа тартууланды. Улуттук ыр-күүлөрү жаңырып, көргөзмөлөр уюштурулду.
Министр Азамат Жаманкулов курултайда сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды маданият майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле ал, тарыхты, салт санааны, үрп адатты, тектеш уруулардын баалуулуктарын жайылтып келе жаткан улуу журттун көсөм окумуштуусу жана антрополог Андраш Бирого ыраазычылык билдирди.